Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Сирия күчтөрү Алеппонун чыгышындагы дагы бир районду ээледи


Алеппонун чыгышындагы Байедин району.
Алеппонун чыгышындагы Байедин району.

Сириянын армиясы соңку эки күндө Алеппонун чыгышындагы экинчи районго өз көзөмөлүн орнотконун билдирди. 27-ноябрдагы билдирүүгө ылайык, өкмөттүк күчтөр Жабал Бадро районун ээледи. Бир күн мурда Ханано району да Сирия армиясынын колуна өткөнү кабарланган.

Британиядагы Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы Хананодо өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлү орногонун тастыктап, армия коңшу Ал-Хайдария жана Сахур райондоруна чабуул коё баштаганын билдирген.

“Интерфакс” маалымат агенттиги Орусиянын Сириядагы армия өкүлүнө шилтеме жасап, өкмөттүк күчтөр Алеппонун ички райондоруна карай жылганын, каршылаштарды эки миңдей имараттан сүрүп чыгарганын кабарлады.

Алеппо шаары 2012-жылдан бери экиге бөлүнгөн абалда. Өкмөт шаардын батыш тарабын, көтөрүлүшчүлөр болсо чыгыш тарабын көзөмөлдөп келген. Алеппо Сириянын армиясынын колуна өтсө, бул президент Башар Асаддын беш жарым жылдан берки уруштагы чоң жеңиши болуп калат.

XS
SM
MD
LG