Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Франциянын оңчулдары президенттикке талапкерин тандоодо


Талапкерлердин бири Франсуа Фийон.

Талапкерлердин бири Франсуа Фийон.

Францияда оңчул-борборчул Республикачылар партиясы президенттикке талапкер боло турган адам үчүн добуш берүүдө.

Бир жума мурдагы праймериздин биринчи турунда Франсуа Фийон добуштардын 44, анын атаандашы Ален Жюппе 28,5 пайызына ээ болгон. Эки талапкер тең мурда өкмөт башчы болуп иштеген.

27-ноябрдагы добуш берүүнүн жеңүүчүсү жазында өтө турган президенттик жарышка катышат. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы май айында экинчи турдан кийин гана белгилүү болот деп күтүлүүдө. Айрым сурамжылоолор экинчи турда атаандаштык республикачылдардын талапкери менен ашынган оңчулдардын лидери Марин ле Пендин ортосунда болоорун көргөзүүдө.

Азыркы президент, социалист Франсуа Олланд президенттик жарышка катышаар-катышпасын декабрь айында жарыялаары кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG