Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Шахмат: дүйнө чемпиондугу үчүн катуу таймаш жүрүүдө


Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты Нью-Йоркто өтүп жатат.

Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты Нью-Йоркто өтүп жатат.

Шахмат боюнча дүйнө чемпиону норвегиялык Магнус Карлсен менен анын орусиялык атаандашы Сергей Карякин Нью-Йорк шаарындагы акыркы таймашка камылга көрүүдө. Ишембиде өткөн 11-оюн тең-тең аяктап, учурда эки оюнчунун ар бири 5,5 упай менен үзөңгүлөш келатат.

Дүйнө чемпионун аныктай турган акыркы 12-беттеш дүйшөмбү күнгө белгиленди. Эгер ал оюнда жеңүүчү аныкталбаса, анда 30-ноябрда тай-брейк же ылдам жүрүштөр менен коштолгон оюн болот.

25 жаштагы Карлсен 11-ноябрда башталган таймаштарды тез эле утат деп күтүлгөн. Бирок 26 жаштагы Карякин тең-тең аяктаган жети оюндан кийин 8-оюнду жеңип алган. Карлсен 10-оюнду утуп, упайларды теңдеген.

Карлсен 2013-жылы индиялык Вишванатан Анандды жеңип, дүйнө чемпиону наамын алган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG