Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Израилдин бир канча шаарларын чулгаган өрт дээрлик өчүрүлүп бүтүп калганын Куткаруу кызматынын өкүлү Йорам Леви “Фран-Пресс” агенттигине билдирди.

Шейшемби күнү Иерусалимдин аймагында башталган өрт өлкөнүн бир катар аймактарына жайылып кеткен. Натыйжада айрым шаарларда чукул кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Тилсиз жоодон 130 киши жабыркаганы кабарланууда.

Израил маалымат каражаттары жазгандай, өрт 120 миллион долларлык чыгым алып келди.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги айрым аймактарда атайылап от коюу аракети орун алган деп боолголоп жатат. Тартип коргоо органдары 30дай шектүүнү камакка алды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG