Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 07:20

Франция: оңчулдардын праймеризинде Франсуа Фийон утту


Талапкерлер Франсуа Фийон (солдо) жана Ален Жюппе теледебаттан кийин.

Франциядагы оңчул-борборчул Республикачылар партиясынын президенттик талапкерин тандоонун экинчи турунда Франсуа Фийон олуттуу айырма менен алдыга чыкты.

Reuters агенттиги билдиргендей, Фийон 67 пайызга жакын добушка ээ болду. Анын атаандашы Ален Жюппе 32 пайыздын тегерегинде добуш топтоду жана утулганын моюнга алды. Бюллентендердин 80 пайызы саналды.

Праймериздин жеңүүчүсү жазында өтүүчү президенттик шайлоодо ат салышат.

Эки талапкер тең буга чейин премьер-министр болуп иштеген.

Фийон Францияда радикалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырарын, Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө Москва менен кызматташа турганын билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG