Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Куба ыңкылабынын жол башчысы Фидел Кастрону акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын бир тууган карындашы Хуанита Кастро катышпай турганын билдирди. 50 жылдан бери АКШда жашап жаткан 83 жаштагы айым агасынын көз жумганына өкүнүчтө экенин белгилеп, бирок Куба лидеринин диктатордук режимине каршы пикирин өзгөртпөгөнүн айтты.

Хуанита Кастро 1961-жылдан тарта АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы менен кызматташкан. 1964-жылы Кубадан кетип ошол бойдон мекенине кайтып барган эмес. Агасынын өлүмүнөн соң ал Куба эли биримдикке келерине ишеним артарын билдирди.

Фидел Кастро 25-ноябрда Гаванада 90 жашында кайтыш болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декабрга белгиленген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG