Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:50

Ташкентте Ислам Каримов атындагы аянт ачылат


Ислам Каримовду Анжиянда эскерүү. 2016-жыл, сентябрь.

Ислам Каримовду Анжиянда эскерүү. 2016-жыл, сентябрь.

Өзбекстан баш калаасында Ислам Каримовдун урматына жаңы аянт ачылат.

Бул тууралуу президенттикке талапкер, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев шайлоочулар менен жолугушуу маалында айтты. Ташкентте жаңы ачыла турган аянтка Каримовдун эстелиги да тургузулат.

Ноябрдын башында Орусия борборунун Якиманка районундагы гүлзарга Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун аты берилген. Тиешелүү токтомго Москванын мэри Сергей Собянин кол койгон. 25-ноябрда жаңы гүлзар Москванын картасында, анын ичинде Яндекс-карта сервисинде да пайда болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG