Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын шайлоо фондунан сарпталып жаткан каражаттардын көлөмүн жарыялады. “Республика – Ата Журт” 15 млн. сомго чукул акча коротуп, азырынча эң көп каражат сарптап жаткан партия экени маалым болду.

Жумшаган акчасынын көлөмү боюнча экинчи орунда турган КСДП партиясы шайлоо фондунан 12 млн. сомдон ашык каражат короткон. Ал эми 10 млн. сом сарптаган “Өнүгүү-Прогресс” үчүнчү сапта.

Кыргызстанда 11-декабрда 22 шаарда жана 380 айылдык аймакта жергиликтүү шайлоо өтөт.

Бул күнү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору да жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG