Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Илимдер академиясында окумуштуулар митинг өткөрдү


УИАдагы митинг.
УИАдагы митинг.

Улуттук илимдер академиясындагы реформа негизинде кыскартууга каршы чыккан илимпоздор митинг өткөрдү. Акция академиянын башкы имаратынын алдында өтүп, алар “илимди жоготпогула!”, “кыскартууну талкалоо менен айырбаштабагыла!” деген өңдүү жазууларды кармап чыгышты.

Митингдегилердин бири УИАнын биология жана топурак таануу институтунун директору Бекмамат Жээнбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жетекчилик кыскартуунун аркасы менен төп келбеген бөлүмдөрдү бири-бирине кошуп жатат.

- Биздин бөлүмдө 7 иституттан үчөөнү эле калтырды. Биздин биология жана топурак таануу институтуна тоо физеологиясы жана технология институттарын кошуп жатат. Үч институттун изилдеген чөлкөмү ар башка, аларды бириктирүү мүмкүн эмес.

Улуттук илимдер академиясы реформанын негизинде 40% кызматкерлерди кыскартары маалымдалган. Эгемендүүлүк алган жылдары академияда 4 миң кызматкер иштесе, учурда 1940 адам калган.

XS
SM
MD
LG