Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Канжар Кадыралиевдин соту уланат


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Бишкек шаардык Октябрь районун соту бүгүн Канжар Кадыралиевге карата козголгон кылмыш ишти кароого алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыркоочу Сактан Келдибаев билдирди.

- Бул иш алгач Ошто болуп жатканда Канжардын тарапташтары сот жараяны Бишкекте болсун деп суранышкан. Андан соң Жогорку сотко иш кайра Ошто каралсын деп кайрылуу жөнөткөн. Биз муну сотту создуктуруу катары баалаганбыз. Бирок, сот Бишкекте өтө берсин деп чечим чыгарган. Эми соттон адилет чечим күтүп атабыз.

Сот жараяны төрт жабыркоочунун арызынын негизинде өтмөкчү. Анда каракчылык менен жалалабаддык тургундун 27 жылкысын тартып алганы, дагы бир ишкердин кафе жана 3 гектар бакты рейдерлик жол менен басып алганы, ошондой эле каракчылык жол менен үйгө кирип акча алганы боюнча арыздар каралат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжарга карата Башкы прокуратура 2014-жылы бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. (SDz)

XS
SM
MD
LG