Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Алеппонун алты конушу аскерлердин колуна өттү


Сириялык аскерлер Алеппонун жанындагы Ханано конушунда, 27-ноябрь.
Сириялык аскерлер Алеппонун жанындагы Ханано конушунда, 27-ноябрь.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү көтөрүлүшчүлөрдүн ээлигиндеги Алеппо шаарынын алты районуна өз көзөмөлүн орнотту. Мамлекеттик телекөрсөтүү кабарлагандай, шаардын чыгыш тарабындагы Сахур, Хайдария жана Шейх Ходр конуштары Сириянын армиясы менен анын өнөктөштөрүнүн колуна өттү.

Бул маалыматты Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да тастыктап, президент Башар Асадга каршы күрөшкөн тараптар территориясынын үчтөн бирин жоготконун кабарлады. Уюмдун башчысы Рами Абдулрахман муну көтөрүлүшчүлөрдүн 2012-жылдан бери ири жеңилүүсү деп атады. Байкоочулар билдиргендей, соңку эки күндө 10 миңдей жөнжай тургун шаардан качып чыкты.

Алеппо шаары 2012-жылдан бери экиге бөлүнгөн абалда. Өкмөт шаардын батыш тарабын, көтөрүлүшчүлөр болсо чыгыш тарабын көзөмөлдөп келген. Алеппо Сирия аскерлеринин колуна өтсө, бул президент Башар Асаддын беш жарым жылдан берки уруштагы чоң жеңиши болуп калат.

XS
SM
MD
LG