Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп “мыйзамсыз добуш берген миллиондогон адамдарды эсепке албаганда” 8-ноябрдагы жалпы добуш берүүдө да утканын билдирди.

Ал демократтардын талапкери Хиллари Клинтон жеңип чыккан Виргиния, Нью-Гэмпшир жана Калифорнияда добушту бурмалоолор болгонун Твиттердеги барагына жазды. Бирок эч кандай далилдерди келтирген жок.

8-ноябрдагы шайлоодо республикачылардын талапкери Дональд Трамп шайлоо коллегиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушун топтогон. Клинтон болсо жалпы добуш берүүдө Трамптан 2 миллиондой добуш көбүрөөк алган.

Трамптын соңку билдирүүсү Висконсин штатында добуштарды кайра саноого Клинтондун шайлоо штабы катышарын ырастаган учурга туш келди. Бул штатта добуштарды кайра саноо демилгесин Жашылдар партиясынын талапкери Жилл Стайн көтөргөн.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG