Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Салянова: Елисеевге лицензия берүүдө мыйзам бузулган эмес


Аида Салянова
Аида Салянова

“Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова Башкы прокуратуранын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгогонун мыйзамсыз деп эсептейт. Анын айтымында, 2010-жылы Елисеевдин лицензиясын узартпай коюуга негиз жок болчу:

- Кайсыл учурда адвокат лицензияга ээ боло албасы же лицензиядан ажыратылары тууралуу мыйзамда так жазылган. Эгерде ал иштегенге жараксыз болсо, же “күнөөлүү” деген соттун чечими болсо, же мамлекеттик органдардын компроматтык жүйөлөрдүн негизинде жумуштан бошоду деген чечим бар болсо лицензия берилбейт. Елисеевге лицензия берилип жаткан мезгилде жогорудагы үч негиз тең жок болчу. Ага кылмыш иши козголмок турсун, иши сотко кеткен күндө да бербей койгонубуз мыйзамсыз болмок. Елисеев Максим Бакиевдерге жакын экен, кылмыш иштери бар экен деген ошол кездеги саясатты мен эске алган эмесмин. Укуктук мамлекетте жашап жатып, бирок саясий зарылчылыкты карап отура турган болсок, Юстиция министрлигинин анда эмне кереги бар?

Башкы прокуратура Максим Бакиевдин жакын өнөгү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголгонун ишемби күнү кабарлаган. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 7-июнунда Елисеев Юстиция министрлигине лицензиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган. Эрежеге ылайык, министрлик Елисеевдин кылмыш ишин жана соттолгонун тактоону ИИМдин маалыматтык борборуна жиберген.

Бирок бул органдан жоопту күтпөстөн ошол кездеги Юстиция министрлигинин жетекчилиги лицензияны узарткан деп айтылат кылмыш ишинде.

Алексей Елисеев 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөрүнүн бири болгон. Ал апрел ыңкылабынан соң өлкөдөн чыгып кеткен. (KR)

XS
SM
MD
LG