Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Орусияда Украинанын коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши ачылды. Иликтөө комитетинин басма сөз өкүлү Светлана Петренко буга Украинанын чыгышындагы Донбасс районунда жасалган согуштук кылмыштар себеп болгонун билдирди. Анын айтуусунда, украин күчтөрүнүн аба соккулары боюнча мурда белгисиз фактылар ачыкка чыккан.

Кылмыш ишинин алкагында украиналык алты командирге каршы иликтөө иши башталды. Аларга согушта тыюу салынган ыкмаларды колдонгон деген айып тагылууда. Украин бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосунда 2014-жылдын апрель айында тутанган жаңжал 9,5 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG