Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Казак соту Актөбөдөгү чабуул боюнча өкүмүн чыгарды


Сот күчөтүлгөн тартипте өттү. Сүрөттө: сот имаратынын үстүндөгү көзгө атаар.
Сот күчөтүлгөн тартипте өттү. Сүрөттө: сот имаратынын үстүндөгү көзгө атаар.

Казакстандын Актөбө шаардык соту террорчулук боюнча айыпталган 29 адамды күнөөлүү деп тапты.

29 соттолуучунун жетөө террорчулук, киши өлтүрүү, террорчул топторду түзүү жана мыйзамсыз курал алып жүрүү беренелери боюнча өмүр бою эркинен ажыратылды. Ушундай эле айыптар менен эки соттолуучу 22 жана 25 жылга эркинен ажыратылды.

Дагы 18 адам террорчул чабуулдар тууралуу кабар бербегени үчүн эки жылдан беш жылга чейин түрмөгө кесилишти. Калган эки адам кылмышкерлерди калкалаган деген айып менен төрт жылга чейинки абак жазасын алышты.

Июнь айында исламчыл согушкерлер делген 25 киши Актөбөдө чабуул уюштуруп, беш жайкын тургунду жана үч коопсуздук кызматкерин өлтүрүшкөн. Коопсуздук күчтөрү алардын 18ин атып өлтүрүп, калгандарын камакка алган.

Президент Нурсултан Назарбаев бул чабуулдарды исламдын салафи багытын карманган адамдар уюштурганын билдирген.

XS
SM
MD
LG