Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Кыз ала качуу көйгөйү Талас менен Нарында орчундуу


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыз ала качуу көйгөйү Талас жана Нарын облустарында орчундуу бойдон кала берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эркектер зомбулуккка каршы” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Алиаскаров билдирди.

Аталган уюм башка бир катар бейөкмөт мекемелер менен аймактарда сурамжылоо өткөрүп, ушундай тыянак чыгарышты. Талас менен Нарындан тышкары, Ош жана Жалал-Абад облустарында да абал салыштырмалуу начар экени байкалган.

Адистердин баамында, кызды бүлө курууга мажбурлагандарга жаза катаалдаганы менен күч органдарына кайрылгандар аз санда болууда. “Эркектер зомбулуккка каршы” уюму сурамжылоонун негизинде өкмөткө кайрылуу жөнөтүүнү көздөп жатат. Көйгөйдү азайтуу боюнча кайрылууга күч органдарынын жана социалдык мекемелердин сунуштары киргизилет.

Кыргызстанда зордоп кыз ала качкандарга 2013-жылдан бери жаза катаалдаган. Мыйзам бузгандар 10 жылга чейин камалат. (SE)

XS
SM
MD
LG