Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Жээнбеков: “Жеткиликтүү турак-жай” үчүн кошумча каржы изделет


Бишкек
Бишкек

Өкмөт башчы 2017-жылы мамлекеттик ипотекалык насыя алуучулардын санын 3 миң адамга жеткирүү, ал үчүн кошумча каржы булактарын табуу зарылдыгын белгиледи.

Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасы жакын арада оң жыйынтыгын бере баштарын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда өкмөттүк жыйында айтты.

Программанын максаты - ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак-жай куруу аркылуу жарандарга турак-жай сатып алууга шарт түзүү болуп саналат.

-Бардык маселени бир күндө чечүүгө болбойт, эң башкысы – бүгүн насыя 10% жылдык үстөк менен берилип жатат, учурда компаниянын шартына канаттанган калктын белгилүү катмары бар десек болот. Азыркы тапта ипотекалык насыяны 500дөн ашык жаран алды, – деди Жээнбеков.

Кыргыз өкмөтү “Жеткиликтүү турак-жай” программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак-жай куруу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя бермекчи.

XS
SM
MD
LG