Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

“Таза Кыргызстан” партиясы Бишкек шаардык кеңешке катышуучу партияларга бекер берилген КТРКдагы теледебаттагы убактысын колдоно албай калды. Бул тууралуу партия лидери Марат Иманкулов “Facebooк” баракчасына жараялап, буга түздөн-түз бийликти күнөөлөдү.

- Биз КТРКнын имаратына келсек, 2-3 күн мурун партиянын атынан тизме берилген деп айтышып, ошол тизме менен гана адамдарды киргизебиз дешти. Ал тизме бийлик тарабынан ойлонуп табылган нерсе, себеби партия эч кандай тизме жөнөткөн эмес. Биз дебатта азыркы бийликтин кемчилигин ачык айталы деп атканбыз, бийлик ошол сөздөрдөн коркту, - деди Иманкулов.

Ал эми дебаттардын алып баруучусу Алмаз Касымалиев программанын башында партия тараптан эки бөлөк тизме келгенин тастыктап, натыйжада чыккан чырдан партиянын бир дагы мүчөсүн дебатка катыштырбоо чечими жетекчилик аркылуу кабыл алынганын айтты. Бул маселе алдыда БШК менен кеңешилип, кайрадан партияга эфир берүү суроосу коюларын Касымалиев кошумчалап өттү.

Жыйынтыгында 28-ноябрда теледебат “Демократ” жана КЭДП партияларынын арасында гана өттү. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG