Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

“Ата Мекен” фракциясы Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо процедурасынын алдында президенттин Конституцияны бузган көрүнүштөрүн чогултууну улантууда. Фракция Атамбаевди өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясына ректорду дайындоодо деп айыптоодо.

Алсак 2010-жылдан кийин Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына баш ийип, ага жетекчиликти дайындоо мыйзамга ылайык жүргүзүлүп, президенттин түз дайындоосунан арылган.

Бирок 2012-жылдын 26-сентябрында президент Атамбаевдин жарлыгы менен академиянын жаңы уставы бекип, ректорду дайындоо жана бошотуу укугу президенттик аппараттын жетекчисине жүктөлгөн. “Ата Мекен” фракциясы бул жарлык Конституцияга каршы келет деп, президент Атамбаевди өзүм билемдик менен ыйгарым укугун кеңейтип алды деп айыптоодо.

Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы 1997-жылы түптөлгөн. Алмазбек Атамбаев аталган университетке 2012-жылы Чыңгыз Шамшиев жана 2014-жылы Алмаз Насыровду ректор кылып дайындаган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG