Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Дүйнөлүк саламаттык уюму менен Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы программасынын маалымдоосуна караганда, акыркы 10 жылдын ичинде өлкөдө ВИЧ инфекциясын жуктургандар сегиз эсе көбөйгөн.

2005-жылы 826 киши катталса, 2016-жылы бул сан 6730га чыккан. Быйыл баңгизатты ийне менен сайынуудан жуктургандардын жалпы саны 3223 болду. Ал арада Кыргызстандагы мындай дартка кабылгандарды дарылоонун каражатын көтөрүп келген СПИД, кургак учук жана безгек боюнча глобалдык фонд акырындык менен каржылоону азайтып, 2018-жылы толугу менен токтолмокчу.

Мындай шартта адистер ВИЧ сыяктуу оорулар кеңири жайылып кетет деп кооптонууда. Кыргызстандыктарда ВИЧке чалдыгуу жолдорунун ичинен жыныстык катнаш менен жуктуруу дале биринчи орунда турат. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG