Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

ӨКМдин өрткө каршы кызматына Аалы Токомбаев көчөсүндө өрт болуп жатканы тууралуу маалымат эртең мененки саат 8:40та түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда “Церковь Южный ковчег” чиркөөсү өрттөнүп жаткан. Тилсиз жоо канатташ жайгашкан “Рефал” жеке мектебин каптай баштаган. Өрт тууралуу “Азаттыкка” ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

- Жыйынтыгында чиркөөнү толугу менен өрт жалмап, мектептин имараты жарым-жартылай өрттөнгөн. Жалпысынан 9 өрткө каршы бригада иштеп, 75 адам тартылды.

ӨКМ жалпысынан 1 миң чарчы метр аянт өрттөнгөнүн маалымдады. Учурда адистер кырсык эмнеден башталганын изилдөөгө киришти.

“Церковь Южный ковчег” протестанттык багыттагы христиандардын чиркөөсү болуп саналат. Өрт чалган имарат 2004-жылы жеке колго сатылып, спорттук-чыңдоочу комплекс курууга уруксат берилген.

Имараттын бир бөлүгүндө “Рефал” жеке мектеби иш алып барса, дагы бир бөлүгү чиркөө катары иштеп келген. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG