Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Түштүк Кореянын президенти кызматтан кетерин билдирди


Президент Атамбаев менен Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе, Сеул, 19-ноябрь, 2013.
Президент Атамбаев менен Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе, Сеул, 19-ноябрь, 2013.

Президент Пак Кын Хе “өз келечегимди, анын ичинде ыйгарым укуктарымдын мөөнөтүн кыскартууну парламент кароосуна коем”,- деди.

“Эгерде бийликтеги жана оппозициялык партиялар башкаруудагы боштукту болушунча азайта алса, туруктуулукту камсыздоо маселесин чечсе мен кызматтан кетүүгө даярмын”,- деп билдирди Пак Кын Хе 29-ноябрда. Ал ошондой эле бийликти өткөрүп берүүнүн убактысын аныктап, жол-жобосун иштеп чыгууну парламентке сунуштады.

Түштүк Корея президентинин кызматтан кетүү чечимине келишине курбусу Чхве Сун Сил жана президенттин эки жардамчысына байланыштуу жаңжал себеп болду. Аларга бийликти өз кызыкчылыгына пайдалануу, көз боёмочулук жана мажбурлоо боюнча айып коюлган. Алар банк жана ири корпорациялардан 65 млн. долларды опузалап алган деп шектелүүдө.

Прокуратура президент айыпталгандар менен бирге болгон деп, бирок кол тийбестигине байланыштуу күнөө коё албай келатат. Оппозиция импичмент жараянын баштоону талап кылса, жүз миңдеген жарандар көчө жыйындарына чыгышып, Пак Кын Хенин кызматтан кетишин талап кылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG