Бул тууралуу республиканын чет өлкөлүк экономикалык байланыштар боюнча министринин орун басары Шавкат Толаганов 29-ноябрда билдирди. Анын айтуусунда, эксперттер “Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуу Өзбекстанга эч кандай артыкчылык бербейт, тескерисинче кээ бир маселелерде зыян алып келет” деген жыйынтыкка келишкен.
Толаганов 4-декабрда боло турган президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин баары “тышкы саясатты биринчи президент аныктаган багыттар менен алып барышарын” билдиришкен. Ислам Каримов каза болгону 2-сентябрда жарыяланган. Орусия жетектеген Евразия экономикалык биримдигинде Казакстан, Беларусь, Кыргызстан жана Армения бар. (AiT)