Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Жалал-Абадда кызды өлтүрүүгө шектүү катары таксист кармалды


Майлуу-Суу шаарынын 26 жаштагы тургунунун өлүмүнө шектүү катары Жалал-Абад шаарында такси кызматын көрсөткөн фирмалардын биринин айдоочусу, 27 жаштагы таксист кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка караганда, ага “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалыматка караганда, 27-ноябрдын түнүндө каза болгон кыз шаар борборунан буйрутма менен таксиге түшүп, айдоочу менен таанышып спирт ичимдиктерин ичишкен. Ортодо жаңжал чыгып, айдоочу кызды ур-токмокко алып, ээсин жоготкон абалда Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун боюна таштап, изин жашырган.

Облустук милициянын ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында бир күндөн соң “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаа айдоочусу кармалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG