Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Авариялык станциянын үстүнөн жабылган конструкциянын баасы 1,6 млрд евро деп бааланууда. Ал 100 жыл кызмат кылууга тийиш. Бийиктиги 108 метр келген, салмагы 36 миң тоннадан ашкан саркофагды куруу 2012-жылы башталган. Ага каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жана 40тан ашык донор өлкөлөр бөлгөн. Чернобыль атомдук электр станциясынын төртүнчү энергоблогунун биринчи жабуусу 1986-жылы авария болгон кезде курулган. Анын жарактуулук мөөнөтү он жыл мурун аяктаган. Анын астында 180 тонна радиоактивдүү отун жана уран аралашкан 30 тонна чаң бар. Украина президенти Петро Порошенко жаңы саркофакты куруу ишинин аякташын “тарыхый окуя” деп, жардам берген өлкөлөргө ыраазычылык билдирди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG