Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

“Алканов” базарында жабыркаган эки кишинин абалы оор


"Дордой" базары
"Дордой" базары

Бишкектеги “Алканов” базарында бастырма кулап, андан жабыркаган беш кишинин экөө оор абалда. Алар №4 шаардык ооруканада дарыланып жатышат. Базардагы кырсыкты күч органдары текшерүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.

- Райондук ички иштер бөлүмү жана прокуратура жүргүзүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгында жооптууларга чара көрүлөт. Базар жайгашкан аймак биздин райондо. Андыктан, райондук администрацияга да кандайдыр күнөө коюлса, жооп берүүгө даярмын.

Болотбеков билдиргендей, кар оор түшкөн учурда эле базар ээлерине чатырларды тазалап, коопсуздук чараларын көрүү тапшырылган. Бирок буйрук бардык соода жайларында тегиз аткарылган эмес.

29-ноябрда “Дордой” базарына канатташ “Алканов” базарынын бастырмасы карды көтөрө албай, кулап түшкөн. Андан беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Арасында экөө Казакстандын жарандары.

Учурда “Алканов” базары толугу менен, ал эми “Дордойдун” эки катары жабык турат. (SE)

"Алканов" базарында жабыркаган эки кишинин абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

XS
SM
MD
LG