Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Казакстан президенти мунапыс мыйзамын парламентке жөнөттү


Казакстандагы аялдар түрмөсү.
Казакстандагы аялдар түрмөсү.

29-ноябрда парламентке жөнөтүлгөн мыйзам долбоору тез арада кабыл алынат деп күтүлүүдө. Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоону чечти. Ага ылайык, өспүрүм кезинде кылмыш кылган аялдар, 60 жаштан ашкан эркектер, майыптар абактан бошотулат. Канча адам мунапыс менен бошотулары белгисиз, бирок алардын саны миңдеп саналары айтылууда.

Казакстанда 2011-жылы эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыяланып, анда 27 миңдин тегерегинде киши абактан бошотулган. Казакстан СССРден эгемендүүлүгүн 1991-жылы 16-декабрда жарыялаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG