Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Киев: Орусия Чыгыш Украинага беш миң аскер жайгаштырды


Украинанын Коргоо министрлигинин эсеби боюнча Орусия 5 миңден 7,5 миңге чейинки аскерин Чыгыш Украинага жайгаштырган. Бул аскерлердин ичинде Крымдагы орус аскерлери саналган эмес. Украина коргоо министринин орун басары Игорь Долговдун 29-ноябрдагы маалыматы боюнча, Крымда Орусиянын 23 миң аскери бар. Жалпысынан Орусия Украина чек арасына жакын жерде 55 миң аскерин кармап турат. Орусия Украина аймагында Крымдан башка жерде аскери бар деген маалыматты четке кагып келет. Украина жана батыш Орусия Чыгыш Украинада жикчилдерди аскерий, саясий жана экономикалык жактан колдойт деп кине коюп келе жатат. Эл аралык кылмыш соту ушул айдын башында Чыгыш Украинадагы конфликтти “Орусия менен Украина ортосундагы куралдуу конфликт” деп тааныган. Чыгыш Украинадагы кагылышууларда 9600 киши өлгөнүн БУУ кабарлаган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG