Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

“Норманд төрттүгүнүн” Минскидеги сүйлөшүүлөрү натыйжасыз болду


"Норманд төрттүгүнүн" жолугушуусунан кийинки маалымат жыйын. 29-ноябрь, Минск.

"Норманд төрттүгүнүн" жолугушуусунан кийинки маалымат жыйын. 29-ноябрь, Минск.

Орусия, Украина, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери шейшембиде Минск шаарына чогулуп, Украина чыгышындагы абалды талкуулашты. Бирок жолугушууда тараптар бир пикирге келе алышкан жок.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер билдиргендей, министрлер саясий макулдашууларды ишке ашыра алышпады. Украина министри Павел Климкин Орусияны күнөөлөп, сүйлөшүүнүн айрым пункттарына Москва макулдук бербей койгонун айтты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да жолугушуу натыйжасыз бүткөнүн, бирок “жумуш уланарын” маалымдады.

Москва өкүлү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун катышуусунда Украинанын түштүк-чыгышында аскердик көзөмөл орнотуу идеясын колдобой турганын билдирди. Ал эми Франция тышкы иштер министри Жан-Марк Айро Минск сүйлөшүүсүн татаал деп атап, сүйлөшүүлөр токтой электигин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG