Кыргыз өкмөтү бүгүн республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште экинчи окууга сунуштайт. Расмий маалыматка ылайык, жыйынга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон өкмөт өкүлдөрү катышып, тийиштүү суроолорго жооп беришет.
Мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» деп аталат.
2016-жылдын январь-октябрында өлкө бюджетине түшкөн каражат пландагыдан аз болгону Финансы министрлигинин расмий сайтында кабарланган. (SE)