Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгына ылайык 30-ноябрда Орозбек Молдалиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилигинен, Эгемберди Эрматов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жардыгы менен Бусурманкул Табалдиев президенттин кеңешчилик кызматынан алынды.
Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.(ZKo)