Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Балдарын мушташтырган аталар эки жылга шарттуу кесилди


Кичинекей балдардын урушу.
Кичинекей балдардын урушу.

Мындай чечимди Өзгөн райондук соту 30-ноябрда чыгарды. Райондук сот мурунку отурумда аларды үй камагына чыгарган болчу.

Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында ылайдан кыш куюп иштеген эки ата алты-жети жаштагы балдарын мушташтырып жаткан видео август айында интернетке тараган. Балдарын мушташтырып, "ур-ур" деп сүрөп турган аталарды коомчулук короз уруштурган көрүнүшкө салыштырган. Ушундан кийин Өзгөн райондук прокуратурасы балдарын мушташтырган аталарга кылмыш ишин козгоп, алар камакка алынган. Көп өтпөй аталардын туугандары жана жакындары бийликтен ырайым сурап, бошотууну суранышкан.(ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG