Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду


Интернет.
Интернет.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, “Кыргызтелеком” ишканасынын башкармалык кеңешинин төрагасы Эмил Эшеналиев тарабынан чет өлкөлүк компаниянын бир тараптуу талабы менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мамлекетке пайдасыз келишим түзүлгөн. Ага ылайык, аталган ишкана 29-июль күнү Казакстандын «К.Т.К.»,1-августта «G.К.S.G.» компаниялары менен интернеттин 1 мГб/с 30 доллардан сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Келишим Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдарынан тыш, эч кандай сынаксыз, бааларга мониторинг жүргүзүүсүз бекитилген. Натыйжада, бул келишимдин негизинде “Кыргызтелеком” казакстандык компанияларга 275 миң долларды ашыкча төлөгөн, деп билдирет Башкы прокуратура.

Башкы көзөмөл органы ошондой эле Казакстандын «G.К.S.G.» компаниясы мурда “Кыргызтелекомго” интернетти 1 мГб/с 13,84 сомдон сатып келгенин белгилеп, мурунку келишим боюнча баалар 2016-жылдын 31-декабрына чейин өзгөрүлбөөгө тийиштигин бекемдейт. Ошондой эле маалыматта сентябрь-октябрь айларында Кыргызстанда интернет 15 доллардан тартып, 30 долларга чейин сатылганын антимонополиялык ишкана аныктаган.

Бул иш өкмөт алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG