Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Бишкектеги Жугушутуу оорулардын 400 орундуу клиникасында сасык тумоолоп барган адамдардын көптүгүнөн улам орун калбай, бейтаптарды коридорлорго жаткырышканын аталган жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” билдирди:

- Мына бүгүнкү күнгө чейин же 29-ноябрдан отузуна чейин эле ооруканага кайрылгандардын саны 338 болду. Алардын ичинен 122си стационардык дарыланууга жаткырылды. Ошолордун 108и жаш балдар. Булардын басымдуусу сасык тумоо менен кайрылгандар болууда. Биздин ооруканада азыр бейтаптар аябай көп. Төрт жүз орундук боло турган болсо азыр 483 киши жатат. Атайын коридорлорго чейин керебеттерди коюп, айла жоктон баарын батырганга аракет кылып жатабыз.

Мындан тышкары аталган оорукананын реанимация бөлүмүндө тогуз наристе тумоосу өтүшүп кетип, оор абалда жатат (BCh).

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG