Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

АКШдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу алды


Кылмышка шектелген Абдул Разак Артан.

Кылмышка шектелген Абдул Разак Артан.

Огайо штатындагы университетте 11 адамды жарадар кылган кол салууну экстремисттик уюм уюштурганын "Амак" маалымат агенттиги 29-ноябрда маалымдады. Агенттик автоунаа менен келип алдына чыккан адамдарды бычактаган “Ислам мамлекетинин жоокери” кандуу окуяны ишке ашырганын маалымдады.

Кол салуу болгон Огайо штатындагы Колумбус шаарынын полициясы террордук актты уюштургандарды иликтөөдө. Күбөлөр кол салууну 18 жаштагы түбү сомалилик Абдул Разак Али Артан жасаганын айтышууда. Ал 28-ноябрда жогору ылдамдыктагы автоунаа менен университет аялдамасында турган адамдарды сүзүп, андан кийин жолуна чыккан адамдарды бычак менен сая баштаган.

Артан 2014-жылы үй-бүлөсү менен Пакистандан АКШга качкын катары келип, туруктуу жашоого уруксат алган. Жараланган 11 адам ооруканага жеткирилген, алардын бирөөсүнүн абалы оор экени кабарланды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG