Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Гүлнара Каримованын уулу апасы тирүү экенин билдирди


Гүлнара Каримованын үй камакта экени эки жылдан бери эле айтылып келет. 2014-жылдын 16-сентябрында делген тартылган сүрөт.
Гүлнара Каримованын үй камакта экени эки жылдан бери эле айтылып келет. 2014-жылдын 16-сентябрында делген тартылган сүрөт.

Би-Би-Сиде 29-ноябрда жарыяланган интервьюсунда маркум Ислам Каримовдун небереси, Британияда окуган кенже Ислам Каримов апасы Гүлнара Каримованын көзүн тазалоону Өзбекстандын атайын кызматтары пландаштырууда деп айыптады. Өзү болсо өмүрүнө келген коркунучка байланыштуу Өзбекстанга бара албасын билдирген. Кенже Ислам Каримовдун айтымында, апасы Гүлнара Каримова Ташкен шаарында Яхья Гулямов көчөсүндө үй камагында кармалып турат. Аны менен бир айда бир жолугушууга кызы Иманга уруксат берилген. Ал эми Гүлнара Каримованын атынан социалдык түйүндөргө жазуулардын баарын жалган деген кенже Ислам Каримов, апасынын учурда социалдык түйүндөргө чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан. Ал ошондой эле апасынын үй камагында отурушуна таенеси Татьяна Каримованы да күнөөлөгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG