Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Бекназаров: Аскаровдун ишине аралашкан эмесмин


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Азимжан Аскаровду абактан чыгаруу тууралуу жана башка эч кандай сөз болбогонун “Азаттыкка” билдирди:

-Убактылуу өкмөттүн бир да мүчөсү эч кандай сот ишине аралашып, кийлигишкен эмес. Аскаров антип бизди айыптап аткан болсо, бизди сотко чакырсын. Көрсөтмө берүүгө даярмын.

Июнь коогасы боюнча айыпталып жаткан Азимжан Аскаров 29-ноябрдагы соттук отурумда көрсөтмө берип, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров жана мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өзүн түрмөдөн бошотуп алабыз деп убада беришкенин билдирген. Аскаров боюнча антип айтпаганын экс-акыйкатчы да “Азаттыкка” билдирди.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG