Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

30-ноябрдан 3-декабрга чейин күндүн жылып кетишине байланыштуу дарыялар ташышы мүмкүн, айрым жерлерди суу каптайт.

1-декабрда Кыргызстанда күн ачык, бирок жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүзү 3…8 градус жылуу.

Таласта түнкүсүн -3…-8 суук, күндүз 3…8 градус жылыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүзү 4…9 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8 градус суук, түнкүсүн 0…5 градус жылуу.

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус суук.

Суусамырда түнкүсүн -22…-27, күндүзү -10…-15, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11 градус суук.

1-декабрда Бишкек шаарында күн ачык, бирок жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Түнкүсүн суук -3…-5°, күндүз 6…8° жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG