Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

Жалал-Абад шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышып жаткан “Ата Мекен”, “Ата Журт” жана “Өнүгүү прогресс” партияларынын аймактагы бөлүмдөрү биригип, аймактык шайлоо комиссиясынын жана КСДП партиясынын үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдошту.

“Ата Мекен” саясий партиясынын шаардагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Долдоев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, КСДП партиясы шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин түзүүдө аялдардын саны 30%дан аз болуп, тизмедеги кезектик айырма да сакталган эмес. Ошол себептүү үч партия биригип “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндө мыйзамдын 53-60-беренелерин эске алып жогорудагы партиянын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарууну жана учурунда бул катачылыкты байкабаган аймактык шайлоо комиссиясын жоопкерчиликке тартууну БШКдан суранган.

11-декабрда өтүүчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого Жалал-Абад шаарында 7 партия ат салышууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG