Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Айрым журналисттерге президенттин жыйынына барууга уруксат берилбеди


Президент Алмазбек Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына катышууга айрым журналисттерге уруксат берилбеди. Алар - "Сентябрь" каналынын кабарчысы Болот Абдыжапаров, оператору Ренат Эламанов, “Республика” гезитинен Махинур Ниязова жана Fergana агенттигинен Улугбек Бабакулов.

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" билдиргендей, аталган журналисттер мурда жыйынга барууга каттоого алынышкан, бирок белгисиз себептен улам 30-ноябрда тизмеден чыгарылган.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы алар убагында аккредитациядан өтпөгөнүн, эми атайын чагым уюштуруп жатканын билдирди.

Атамбаевдин басма сөз жыйыны бүгүн Бишкектеги Ала-Арча резиденциясында өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынан 165 журналист чакырылган.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматта отурганына быйыл 1-декабрда беш жыл толду. (SE)

XS
SM
MD
LG