Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Бишкекте СПИДге каршы акция өтөт


1-декабрь - дүйнөлүк СПИДге каршы күрөш күнү
1-декабрь - дүйнөлүк СПИДге каршы күрөш күнү

“Бишкек парк” комплексинде СПИДге каршы күрөш күнүнө карата бүгүн акция өтөт. Ага каалоочулардын баары катышса болот. Концерттик программа менен коштолчу иш-чарада жарандарга ВИЧ илдети тууралуу маалыматтарды жана андан коргонуу жолдорун адистер айтып беришет. Суроо-жооптор уюштурулуп, жеңүүчүлөр белек алат.

Акция түшкү саат 12де башталат. Аны Республикалык СПИД борбору жана “Социум” уюму бирге уюштурууда.

Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктургандардын расмий саны ноябрь айына карата 6938 кишини түздү. Алардын 300гө чамалуусу чет элдиктер, калганы кыргызстандыктар. Бейрасмий эсепте оору алып жүргөндөр сегиз миңден көп экени айтылат.

Кыргызстандыктар арасында бул дарт алгач ирет 1996-жылы катталган. Ага чейин 1987-1991-жылдар аралыгында Африкадан келип, Бишкекте окуп жаткан 13 студенттен оору табылган.

1-декабрь – эл аралык СПИДге каршы күрөш күнү катары белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG