Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Путин менен Эрдоган Сирия маселесин талкуулады


Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган шаршембиде телефон аркылуу Сирия маселесин, анын ичинде Алеппо шаарындагы абалды талкуулашты. “Азаттыктын” орус кызматы сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу кенен маалымат жоктугун билдирди. Кремлдин басма сөз кызматы тараткан кабарда Алепподогу кырдаалды жайгаруу маселеси сөз болгону айтылат.

29 ноябрда Түркия басылмалары Эрдогандын аскерлери Сирияга кирип, президент Башар Асадды тактыдан кулатуу аракети башталганын жазышкан.

Сирия бийлиги 30-ноябрда тараткан маалыматта аскерлер Алепподо дагы бир кичи районду - Шейх Саид аймагын бошоткону айтылат. Бирок оппозиция аны четке кагып, Орусия колдогон өкмөттүк аскерлерге каршы күрөш уланып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG