Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Евробиримдик Астананы эки активистти бошотууга чакырды


Макс Бокаев жана Талгат Аян. 28-ноябрь, сот залы. Атырау.
Макс Бокаев жана Талгат Аян. 28-ноябрь, сот залы. Атырау.

Европа биримдиги Казакстан бийлигине кайрылып, жер реформасына байланыштуу акцияга чыгып, камакка алынган эки активистти бошотууга чакырууда. 28-ноябрда Атырау шаардык соту Макс Бокаев менен Талгат Аянды беш жылга камоо чечимин чыгарган. Аларга кастык козутуу, жалган маалымат таратуу жана митинг өткөрүү эрежелерин бузуу боюнча айып тагылган.

Шаршемби күнү Евробиримдик жөнөткөн билдирүүдө эки активисттин камалышы Казакстан адам укуктары боюнча эл аралык коомчулук алдында мойнуна алган нормаларга дал келбестиги айтылат. Ошондой эле өлкөдө “сөз эркиндигин сактоого шарт түзүү” маселеси көтөрүлөт.

Быйыл жазында Казакстанда бийликтин жер кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесинен улам миңдеген адамдар нааразылыкка чыгышкан. Андан соң көптөгөн активисттер камалышкан. Кодекске сунушталган өзгөртүүдө жерди чет элдиктер менчикке алууга укуктуу болмок.

XS
SM
MD
LG