Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Лукашенка төрт добуш алып жеңиптир...


Александр Лукашенка. 07.10.2016.
Александр Лукашенка. 07.10.2016.

Беларус элинин заманбап сатирасынан бир шиңгил.

Бир жолу мухиттеги кайыкта үч киши калат: Обама, Путин, Лукашенка.

Барак Обама берки экөөнө айтат:

- Мен дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттин президентимин, мен кайык башчы болушум керек, силер калак күрөп иштегиле.

Владимир Путин:

- Менин өлкөмдөгү өзөктүк куралдан баары коркот. Калак күрөө – экөөңөрдүн жумушуңар.

Лукашенка айтат:

- Келгиле, референдум өткөрүп, добуш берелик. Ошонун жыйынтыгына ылайык иш кылалык.

Баары бул вариантка макул болушат.

Анан кайыкты Лукашенка жетектеп, Обама менен Путин тердеп-кургап калак күрөп иштеп калышат экен.

Бир убакта Обама таң кала Лукашенкадан сурайт:

- Александр, кайыкта үч эле киши баратабыз, сен кантип төрт добуш алууга жетиштиң?

XS
SM
MD
LG