Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Бишкек жашоо деңгээли төмөн шаарлардын катарында


Бишкектин Токтогул көчөсү
Бишкектин Токтогул көчөсү

Дүйнөдөгү эң ири консалтинг компаниялардын бири Merser уюму чыгарган рейтингде Бишкек жашоо деңгээли төмөн шаарлардын катарынан орун алды. The Independent гезити рейтингдеги 420 шаардын ичинен шарты эң начар 27 калааны жарыялады.

Бишкек аталган тизмеде 21-орунда. Душанбе – 19, Ашхабад – 23, Ташкент – 26-тепкичте.

Бишкек тууралуу баяндамада “жакырчылык жогорку деңгээлде, бийлик терроризмге каршы күрөш менен убара экени” жазылган.

Турмуш деңгээли эң начар калаалардын сап башында Ирактын Багдад шаары.

Рейтинг саясий, социалдык, маданий, медициналык, транспорт жана коммунал кызматтардын сапаты менен аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG