Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги Эмил Ешеналиевди кызматтан алуу маселесин ишкананын башкармалык кеңешине сунуштайт.

Казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Ага өлкөдөгү интернеттин кымбатташын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу негиз берген.

Ешеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн жокко чыгарып, келишимди аргасыздан, казак тарап интернет берүүнү токтотуп салабыз дегенден кийин түзүүгө барганын маалымдаган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG