Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Атамбаев: Кыргызстанга туруктуулук орноду


Атамбаевдин маалымат жыйыны.
Атамбаевдин маалымат жыйыны.

Азыркы Кыргызстан беш жыл мурдагыга караганда таптакыр башка өлкө, деди мамлекет башчы маалымат жыйынында. Алмазбек Атамбаев бул аралыкта көп иш бүтүрүүнү каалаганын, бирок эң негизгиси – туруктуулукту орното алганын белгиледи.

Президент Атамбаев импичмент маселеси, Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы, мураскер тууралуу да айтып кетти. Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бишкек ТЭЦине көмүр ташууга жолтоо болгонун, пара алып жүргөнүн билгенден кийин, Саляновадан көңүлү калганын айтып өттү:

- Салянова күйөөсүн коргоп, мамлекеттин кызыкчылыгынан аны жогору койду. Ал өзүн аппак жана таптаза көрсөтүүгө тийиш эмес болчу, баары бир чындык ачыкка чыгат.

Атамбаев ошондой эле өзүнө мураскер даярдабаганын дагы бир жолу ырастады. Анын айтуусунда, демократиялык өлкөдө мураскер болбойт, эл башчысын өзү шайлоого тийиш. Азыртан эле президенттик шайлоого катышууну көздөп жаткан кишилерди билерин белгилеген мамлекет башчы, арасында татыктуулары да бар экенин, бирок азырынча алар тууралуу ачык айтпай турганын маалымдады.(UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG