Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Атамбаев: «Мегакомду» эртелеп сатыш керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, «Мегаком» компаниясынын баасы күн санап арзандап жатат.

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул компанияны сатуу боюнча өз деңгээлинде иш жүргүзбөй жатат. Бир жетекчини экинчисине алмаштырдык. Эч кандай жыйынтык жок, жаңы жетекчи да уктап жатат. Премьерликке “Мегакомду” сатууга жөндөмдүү болгон адамды алып келиш керек деп ойлойм. Бизге жолдорду салууга каражат керек. Мен Сариевдин өкмөтүнө “Мегакомду” сатуу боюнча тапшырма бергем. Бирок айрымдарга популизм менен алектенүү жеңил болду окшойт,- деди Атамбаев.

Президент “Альфа Телеком” компаниясынын мурдагы жетекчилерине чыгарылган сот чечимин да комментарийлеп, миллиондогон долларлар офшорго чыгарылып кеткенин билерин айтты.

- Соттолуучулар акчаны өлкөдөн тышкары чыгарып кетүү үчүн, сотту созууга аракет кылышты,- деп кошумчалады президент.

XS
SM
MD
LG