Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Атамбаев: Бизге “улуу агалык” мамиле кылууга жол бербейбиз


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстанга карата «улуу ага саясатын» жүргүзүүгө жол берилбейт.Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өткөн жыл жыйынтыктоочу пресс-конференцияда билдирди.

Президенттин белгилешинче, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен мамилесин ишеним жана сый-урматтын негизинде курууда.

- Ооба, биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз бар – бул Орусия, улуу Кытай. Биринчиси менен тарыхый тамырыбыз бир, аны унута албайбыз. Ал эми Кытай Борбор Азиянын өсүп-өнүгүүсүнө кызыкдар, себеби эгер бизде бир нерсе болуп кетсе дароо Шыңжаңга таасир берет. Андайдын Кытайга кереги жок. Албетте, түрк тилдүү мамлекеттер менен тууганбыз. Бирок биз эч кимге “улуу ага” катары кандайдыр бир шарттарды коюшуна жол бербейбиз, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, өлкө өз кызыкчылыгынын негизинде гана өнүгөт.

Ал ошондой эле саясий өңүттөн алып караганда стратегиялык жактан КыргызстангаЕвропанын саясаты жакын экенин кошумчалады жана “Биз башкаруунун парламенттикформасын куруп жатабыз, аны дагы бекемдейбиз” деди. (AKu)

XS
SM
MD
LG