Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Президент Аида Салянованын жолдошун "паракор" деп атады


Атамбаев жана Аида Салянова.

Атамбаев жана Аида Салянова.

Президент Алмазбек Атамбаев мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөсүнүн мыйзамсыз иштерин уккан соң көңүлү калганын билдирди. Бул тууралуу президент жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында айтты.

- Мен Аида Салянованын күйөөсү паракор экенин билген соң көңүлүм калды,- деди Атамбаев.

Ал мурдагы баш прокурорго кыйшаюсуз ишенип келген.

- Бирок мага анын күйөөсү пара алганы тууралуу маалыматтарды алып келишти. Бул тууралуу капысынан мурдагы Энергетика министри Артыкбаев Бишкек ТЭЦине көмүр алып келе албай, ага кимдир бирөө тоскоол болуп жатканын айткан соң билип калдым. Көрсө, президенттен да көбүрөөк коркушкан адам пайда болуптур. Бул Салянованын күйөөсү экен, - деди Атамбаев.

Президент бул тууралуу Аида Саляновага айтканда, ал жолдошун коргогонго аракет кылганын билдирди.

- Салянова өзүн аппак, күнөөсүз катары көрсөткөндү токтотсун. Чындык эртеби-кечпи ачыкка чыгат, - деп айтты Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев андан соң Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартканы белгилүү болгонун билдирди.

- Бул нерсе Саляновага кадыр-барк алып келбейт, - деди Атамбаев.

Буга чейин президент Атамбаев Аида Салянованын Баш прокурорлук ишмердигин оң баалап, президент болууга татыктуу адам катары сыпаттаган эле.

Мурдагы Баш прокурор Аида Салянова 2015-жылдын башында кызматтан кеткен. Ал мындай чечимин президенттин колдоосун сезе албаганы менен байланыштырып, кийин оппозицияга өткөн “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка шайланган.(AKu/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG